Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 11:40
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Азия чемпионаты: Акжол Махмудов 3-жолу чемпион болду

10.04.2023 05:57
756
Азия чемпионаты: Акжол Махмудов 3-жолу чемпион болду

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жеңүүчү болду.


Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта килемге чыккан Махмудов чейрек финалда түркмөнстандык Жейхун Овездурдиевди 9:0, жарым финалда жапониялык Кодаи Сакурабаны 9:1 эсебинде жеңди. Финалда ирандык Амин Явар Кавиянинежад жаракат алгандыгына байланыштуу жеңиш Акжол Махмудовго ыйгарылды.


24 жаштагы Акжол Махмудов ушуну менен 3-жолу Азия чемпиону деп аталмакчы. Буга чейин ал 2018-жылы жана 2022-жылы Азия чемпионатын уткан. Ошондой эле Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Дүйнө чемпиону.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн