Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азия чемпионаты: Бүгүн кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы күчүн сынайт

24.06.2022 10:04
1410
Азия чемпионаты: Бүгүн кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы күчүн сынайт


Бүгүн, 24-июнда Бишкектеги 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы күчүн сынайт.

Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта алгач индиялык Аржу аттуу кыз менен күрөшсө, Айпери Медет кызы 76 кг салмакта монголиялык Сарнай Баярбаатар менен күчүн сынайт.

Кыз-келиндер арасындагы мелдештин баары айланма түрүндө болот, башкача айтканда, спортчу ар бир атаандашы менен күрөшүп чыгат. Жыйынтыгында ким атаандаштарын жеңип, көп упай топтогон болсо жеңиш ага ыйгарылат.

Эскерте кетсек, Бишкектин Bishkek Arena муз аянтчасында күрөштүн үч түрүнөн 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн