Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:17
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Азия чемпионаты: Үзүр Жусупбеков финалда ирандык балбан менен күрөшөт

10.04.2023 16:47
246
Азия чемпионаты: Үзүр Жусупбеков финалда ирандык балбан менен күрөшөт

Казакстандын Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты болуп жатат. Грек-рим балбаны Үзүр Джузупбеков 97 кг салмак категориясында финалга чыкты.


Аталган спортчу өз жолун ¼ финалдан баштап, казак атаандашы Олжас Сырлыбайды 1:3 эсебинде уткан. Жарым финалдык кармашта индиялык Нариндер Чеманы 9:0 эсебинде тизе бүктүрүп, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.


Финалда Үзүр ирандык Мехди Мохаммад Балихамзехдех менен беттешет.


Буга чейин Жоламан Шаршенбеков менен Акылбек Талантбеков финалга жолдомо алышты. Ал эми Адилхан Нурланбеков коло байге үчүн ат салыштат.


Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.


97 кг


1/4 финал


Олжас Сырлыбай (Казахстан) - Узур Джузупбеков - 1:3


1/2 финал


Узур Джузупбеков - Нариндер Чема (Индия) - 9:0


Финал


Узур Джузупбеков - Мехди Мохаммад Балихамзехдех (Иран)

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн