Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Азия чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

20.04.2022 11:21
514
Азия чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалында монголиялык Балжинням Тсевенравданды 8:0 эсебинде күрөштүн биринчи бөлүгүндө эле жеңип алды. Ал эми жарым финалда казакстандык Ернур Фидахметовго каршы килемге чыкты. Кыргыз балбаны атаандашынын далысын жерге басууга аракет жасады. Бирок ал жыйынтык берген жок. Шаршенбеков упай (6:1) артыкчылыгы менен Фидахметовду утуп алды.


Финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехри Мохсенге каршы чыгат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн