Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Азия чемпионатына катышкан балбандар Кыргызстанга кайтып келишти

11.04.2023 21:01
653
Азия чемпионатына катышкан балбандар Кыргызстанга кайтып келишти

   

 

Бүгүн, 11-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келишти. 


Спортчуларды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Артур Геворгян, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

 

Азия чемпионатныны алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 9-10-апрель күндөрү өттү. Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 7 медаль (3 алтын, 1 күмүш 3 коло) утуп, Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи. 


60 кг салмак категориясында Жоламан Шаршенбеков, 77 кг салмакта Акжол Махмудов, 82 кг салмакта Акылбек Талантбеков алтын медаль, ал эми 97 кг салмакта Үзүр Жузупбеков күмүш медаль, 67 кг салмакта Раззак Бейшекеев, 72 кг салмакта Адилхан Нурланбеков, 130 кг салмакта Роман Ким коло медаль жеңди. 


Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Улукбек Карачолоковдун, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин, улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жана ошондой эле жеке машыктыруучулар Хаким Махмудов, Мирлан Алжанов, Мейрамбек Ахмедовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.  


11-12-апрель кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда, ал эми 13-14-апрель эркин күрөш боюнча курама команда чыгат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн