Чын курандын 12, 2024
Убакыт: 17:59
USD
89.10
89.87
EUR
95.50
96.50
RUB
0.945
0.970

Азия кубогу: Кыргызстандын курама командасы Япония, Корея жана Тажикстан менен ойнойт

14.12.2023 14:55
1422
Азия кубогу: Кыргызстандын курама командасы Япония, Корея жана Тажикстан менен ойнойт


Футзал боюнча 2024-жылкы Азия Кубогунуна чүчүкулак тартуу аземи өттү. Иш-чара бүгүн Куала-Лумпур шаарындагы Азия футбол конфедерациясынын баш кеңсесинде өткөндүгүн КР Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Анын жыйынтыгында командалар 4 тайпага бөлүндү.

Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы «С» тайпасында орун алды. Улуттук курама менен кошо тайпада Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея курамалары жайгашты.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин оюндары 2024-жылы 17-28 апрель күндөрү Таиландда өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн