Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

COVID-19: Борбор Азия өлкөлөрүндө абал кандай?

01.09.2020 11:51
1042
COVID-19: Борбор Азия өлкөлөрүндө абал кандай?


Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы суткада коронавирус илдети аныкталган адамдардын саны боюнча Өзбекстан 1-орунга чыкты. Covid-19 инфекциясы Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда аныкталган. Ал эми Түркмөнстанда коронавирус расмий түрдө каттала элек. 


Орто Азия өлкөлөрүн Covid-19 боюнча бирдиктүү улуттук порталдарынын маалыматына таянсак,  бир сутка ичинде Өзбекстандын аймагында Covid-19 илдети 365 адамдан аныкталса, бул оорудан 5 адам көз жумган.


Пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 320 адам коронавирустан каза болуп, илдетти жуктургандардын жалпы саны 41 893 адамга жеткен. Жалпы 39 275 адам айыгып чыккан. Бул жалпы сандын 93 пайызын түзөт.


Сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын саны боюнча Кыргызстан экинчи орунга чыкты. Алсак, Кыргызстанда Covid-19 илдетин (пневмонияны эске алганда) жуктуруп алгандардын саны 60 адамды түздү. Ал эми 190 адам айыгып чыгып, бул илдеттен 1 адам каза болду. Жалпысынан алганда, ооруну жуктурган адамдардын саны 43958 болсо, анын ичинен 38649 адам айыгып, 1060 адам каза тапкан.


Ал эми соңку суткада Тажикстанда коронавирустун жаңы 33 учуру катталып, бул өлкө үчүнчү орунду ээледи. Акыркы суткада 84 адам коронавирус жуктурууга шектелип дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. 35 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Адам өлүмү катталган эмес. Тажикстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 8583 адамга жетти. Алардын ичинен 7376 бейтап айыгып, 68 киши каза болгон.


 Жогорудагы өлкөлөргө салыштырмалуу Казакстанда акыркы суткада 10 адамдан коронавирус аныкталып, 4-орунга чыкты.  Ошондой эле, оорудан 2 адам көз жумса, 16 адам айыгып чыккан. Жалпысынан өлкөдө 105872 адам коронавирус жуктурса, анын ичинен 96899 айыгып чыгып, 1523чү каза тапкан.


Ал эми Түркмөнстанда коронавирус расмий түрдө каттала элек. Жай мезгили башталгандан тарта, аталган өлкөдө бийлик өкүлдөрү жарандардын беткап тагынуусун талап кылган. Бирок, беткапты вирус жуктуруп алуудан сактануу үчүн эмес, булганган абадан сактануу үчүн тагынуу керектигин айтышкан.   

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн