Бугу 08, 2024
Убакыт: 07:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Азия өнүктүрүү банкы COVID-19 илдети менен күрөшүүгө 20 млн доллар бөлөт

01.06.2020 17:15
1096
Азия өнүктүрүү банкы COVID-19 илдети менен күрөшүүгө 20 млн доллар бөлөт


Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыя жана грант берүү жөнүндөгү (COVID-19 пандемиясы боюнча өзгөчө долбоору) макулдашуунун долбоору колдоо тапты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан билдирди.  


Жыйында саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов баяндама жасады. 


Министрдин айтымында, Азия өнүктүрүү банкы аталган макулдашуунун негизинде бюджетти колдоо багытында 20 млн АКШ долларын берет. Анын 10 млн АКШ доллары грант, калганы насыя.

 

Мындан тышкары, тармактык комитеттин жыйынында Сабыржан Абдикаримов Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, ошондой эле Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашуунун долбоору тууралуу маалымат берди.

 

Талкуу маалында депутат Тариел Жоробеков СОVID-19 менен жабыркагандардын 25%ы медицина кызматкерлери экенин белгилеп, бул керектүү медициналык коргоо каражаттардын жетишсиздигинен, андан сырткары ушундай учурларда каралган санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталбагандыгынан улам келип чыккандыгын кошумчалады. Муну менен катар саламаттыкты сактоо тармагында бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйтүүнү, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну сунуштады.

 

Талкуу соңунда макулдашуунун долбоору колдоо тапты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн