Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 00:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн 80 млн доллар бөлөт

24.09.2021 11:24
1333
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн 80 млн доллар бөлөт

Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстандын экономикасын диверсификациялоо аракеттерин колдоо жана коронавирус пандемиясы сыяктуу соккуларга туруктуулугун күчөтүү үчүн 80 миллион долларлык реформаларды аткарууга багытталган насыялоо программасын жактырды.


Каражаттын 69,3 миллион доллары кредит, 10,7 миллиону грант болот.


"Программа сооданын жана инвестициялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу реформаларды колдойт, чакан жана орто ишканалардын өнүгүүсүнө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу инфраструктураны өнүктүрүүнү жакшыртууга, сектордук көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, фискалдык башкарууну жана социалдык коргоонун туруктуулугун жакшыртууга жардам берет",- деп жазылган уюмдун маалыматында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн