Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азия өнүктүрүү банкы кичи жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү ниетинде

03.04.2020 17:12
775
Азия өнүктүрүү банкы кичи жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү ниетинде


Бүгүн, 3-апрелде прездент Сооронбай Жээнбеков Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масацугу Асакава менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.

Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланган.

Мамлекет башчысы АӨБ менен биргелешкен кызматташуунун оң тажрыйбаларын канааттануу менен белгиледи жана экономиканы өнүктүрүүдө, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу учурдагы кырдаал жана дүйнөдөгү иш чөйрөсүнүн активдүүлүгүнүн басаңдашы күч-аракеттерди бириктирип, антикризистик чараларды биргелешип ишке ашырууну талап кылып жаткандыгын баса белгиледи.

АӨБ президенти Масацугу Асакава коронавирус пандемиясы Азия жана жалпы дүйнө өлкөлөрүнүн калкынын саламаттыгы менен экономикасына олуттуу коркунуч болуп саналаарын айтты.

Мындай татаал мезгилде АӨБ илдеттин жайылышынын социалдык-экономикалык кесепеттерин жумшартууга жардам берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырарына ишендирди.

Ал АӨБ бюджетти колдоо менен катар коронавирус инфекциясынын таасиринен жабыркаган калктын социалдык аялуу катмары үчүн гранттык жардамдарды берүү мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгын белгиледи.

Мындан сырткары, кичи жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү иштелип жатканын кабарлады.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн