КР эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу операциясына каражат чогултуу жабылды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.
Анын айтымында, бир суткада 1 млн 565 миң сом чогулду.
"Кайдыгер карабай, акча чогултууга салым кошкон жарандарга чоң рахмат. Кыргыз элинин үнүн уккан президентке дагы терең ыраазычылык билдирем", - деди ал.
Эскерте кетсек, кечээ, 4-декабрда Ассоль Молдокматова оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жаткан артисттин боорун алмаштыруу үчүн операцияга каражат чогултуу башталганын маалымдаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн