Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 20:05
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Азиз Мурадиллаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

19.12.2022 16:55
1500
Азиз Мурадиллаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Боор оорусу менен алышып жатып 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан актер Азиз Мурадиллаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.


Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кайталангыс образдарды жараткан белгилүү актёр менен коштошуу зыйнаты өзү иштеп жүргөн Кыргыз Улуттук драма театрында өттү.


Белгилей кетсек, Азиз Мурадиллаев оорудан улам 17-декабрда узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.


Мурадиллаев 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.


Ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка алынып, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз бир жерде эмгектенип келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн