Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Азиз Суракматовдун үстүнөн УКМКга дагы бир арыз түштү

29.05.2021 15:12
1786
Азиз Суракматовдун үстүнөн УКМКга дагы бир арыз түштү


Кечээ, 28-май күнү Кытай жараны экс-мэр Азиз Суракматовдун үстүнөн УКМКга арыз менен кайрылган. Бул тууралуу kaktus.mediaга жабырлануучунун туугандары билдиришкен. 


Билдирүүгө ылайык, Кытай жараны Кыргызстанга ишкердик жүргүзүү үчүн келип, 2016-жылы "Елизавета" курулуш компнаиясына таандык болгон "Самолет" фирмасынын директору Надира Эркинбек кызы менен таанышып, ал өз убагында Кытай жаранын Азиз Суракматов менен жолуктурат.


"Ал Ли Лейди Азиз Суракматов менен Разаков көчөсүндө жайгашкан "Елизавета" курулуш компаниясынын кеңсесинде тааныштырган. Анда алар Суракматов менен анын үйүнүн жасалгалоо иштерин 14 миллион 500 миң сомго бүткөрүүгө макулдашкан", - деп билдиришти.


Жабырлануучунун туугандарынын айтымында, Кытай жаранынын "Азия групп" компаниясы 2016-жылы ноябрь айында "Елизавете" тарабынан берилген үйдүн иштерин 2017-жылдын ноябрында бүтүрүп, дагы деле акчасын толук ала албай жатышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн