Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Азизбек Турсунбаев Чаткалда сарай, малдарын кар көчкү басып калган жарандарга колдоо көрсөтүүнү тапшырды

17.03.2022 13:22
2432
Азизбек Турсунбаев Чаткалда сарай, малдарын кар көчкү басып калган жарандарга колдоо көрсөтүүнү тапшырды


Жогорку Кеңештин депутат Азизбек Турсунбаев Чаткал районундагы калың жааган кардын кесепетинен жолдор жабылып калганын билдирди.


"Ошондой эле айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлдү. Төрт сарай жана 150дөн ашуун мал кар астында калды. Андыктан Министрлер кабинети чыгымдарды эсептеп чыгып, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшү керек”, – деди Турсунбаев.


Ага ылайык, аталган маселени Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго табыштап, көзөмөлгө алуусун өтүндү.


“Жергиликтүү эл кайрылып, аймактагы жол тейлөө мекемелеринин техникалары эскиргенин айтууда. Андыктан Транспорт жана коммуникациялар министрлиги заманбап техникалардан бөлүп берип, табияты катаал аймакка колдоо көрсөтсө жакшы болмок”, – деп кошумчалады депутат.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Аскаралы кызы Феруза
Оа апамдардын сарайын, бир тууган тайкемдин сарайын малдары менен, кошуна жашаган акелерибиздин малдары менен кошо кочку жаап калды. Кудайым сактап уйлорунун алдына келип токтоп, адамдарга залакасы кийбей калганын. Мамлекет тарабынан жардам корсотуунуздорду суранат элем. Бул инсан-н баардыгы мал чарбачылыгы менен гана уй-булосун багышып келишет. Башка киреше эч жактан ала алышпайт. Азыркы мезгилде 1 кг ун алыш да кыйындап, баардык нерсе кымбаттап отурат. Батыраак сессияда карап чечип беришсе, баардыгы чон семьядан бооушат.
Сатимбаев Маратбек
Чаткал районундагы Жаңы Базар айылына караштуу Чандалаш участкасындагы 170 га жер көп жылдан трансформация болбой келет.Элдерден там салууга түшкөн арыздардын саны 600 адамга жеткен, Ошол жер чечилип калган болсо көптөгөн жарандарыбыз үйлүү болуп калышмак.Ошол жерди жогорку кеңештин сессиясында карап чечип берүүңүздү суранат элем.