Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Азиз Турсунбаев 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына билдирме тапшырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны жалпы 57ге жетти.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүү мөөнөтү 13-октябрда аяктайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн