2003-жылы түптөлгөн “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова кызматтан кетип, анын ордуна кызы Гүлшайыр Абдирасулова тандалды. Муну укук коргоочу “Азаттык” үналгысына тастыктаган.
“Жанымда жүргөн өзүмдүн кызым Гүлшайыр абдан жакшы такшалып калган. Октябрь айында жыйын өткөрүп: "Баарыңар катышсаңар болот. Бирок мен уюмду сырттан эч кимге калтырбайм. Фонддун негиздөөчүсү катары "Кылым шамынын" түпкүлүгүн, маанисин, багытын билгендер катышкыла", - деп үчөөнө жол бердим. Гүлшайырга токтолушуптур”, - деген ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн