Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 18:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Азизбек ТУРСУНБАЕВ, №18 Ала-Бука шайлоо округунан депутаттыкка талапкер: “Калыс башкаруу мамлекеттин туруктуулугун бекемдейт”

17.11.2021 19:02
2235
Азизбек ТУРСУНБАЕВ, №18 Ала-Бука шайлоо округунан депутаттыкка талапкер: “Калыс башкаруу мамлекеттин туруктуулугун бекемдейт”


Парламенттин бир нече чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин вице-спикери, губернатор катары мамлекеттик башкаруунун мыйзам чыгаруу бутагында да, аткаруу бийлигинде дагы иштеп, чоң тажрыйбага ээ болгон инсан – Азизбек Атакозуевич Турсунбаев менен аймактарды өнүктүрүү багытынан тартып, алдыдагы аткарчу пландары, өлкөбүздөгү туруктуулукка байланышкан маселелердин тегерегинде курулган маек. 


- Азизбек мырза, аймактарды өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек? Негизги көйгөйлөр айылдардан башталат эмеспи...

- Сиз туура суроо бердиңиз, мен ошон үчүн бир мандаттуу округдан талапкерлигимди коюп жатам. Аймактарды, өзгөчө биздин Ала-Бука, Чаткал  өңдүү алыскы райондорго көп көңүл бурулбай калган. Эң зарыл, кечиктирилгис чечилчү көйгөйлөрдүн сап башында чек ара турат. Тактала элек чек ара тилкелери бар, мына ушуларды эки тараптын паритеттүү өкмөттүк комиссиялары карап, туура чечилишин камсыз кылуу зарыл. Бул жакта эл негизинен мал чарбасы, дыйканчылык менен алектенишет. Демек, фермерлерге жеңилдетилген насыяларды, гранттарды тартып келүү менен аймактардагы айыл чарба азыктарына кам көрүүгө, түшүмдү мол алууга шарт түзүү керек. Андан кийин  продукцияларды чийки зат катары арзан сатпай, кайра иштетүү өндүрүшүнө алып, кымбат сатылышын камсыздоого аракеттерди көрөлү. “Айта берсе арман көп” дегендей, көкүрөктү өйүгөн көйгөйлөр арбын, буюрса акырындыкта баарын жеңебиз. Мен алардын эң негизгилерине гана токтолдум.


- Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча дагы кандай сунуштарыңыз бар?

- 90-жылдардагы чаржайыт жүргүзүлгөн приватташтыруунун айынан өлкөдөгү көптөгөн асыл тукум мал өстүрүүчү чарбалар жоюлуп кетти. Алардын көбү кагаз жүзүндө болгону менен иштегендери бирин-серин гана, ошолорду кайра жандандыруу керек. Маселен, сүт, эт багытындагы малдын башын көбөйтпөсөк болбойт. Бир күндө 5-6 литр эмес, 25-30 литрден сүт берген уйларды кармаса, фермерлерибизге кандай жакшы болор эле? Ошондой эле үрөнчүлүк чарбалары да таланып-тонолуп, кейиштүү көрүнүштө. Кезинде Кыргызстан бүт союзду үрөн менен камсыз кылууга салым кошчу. Гектарынан арпа, буудайдан 40-50 центнерден түшүм алууга жетишкен. Азыр болсо 14-15 центнерден араң жыйнашат. Жүгөрү, кызылча, пахта боюнча да көрсөткүчтөр аз. Биз эмгекке муктажбыз, албетте, жакшы үрөндү сээп койсо эле мол түшүм жыйналбайт эмеспи. Ал үчүн жерге кам көрүшүбүз керек, 20-30 жылдан бери жер семирткич көрбөгөн талааларыбыз бар. Жер семирткич, сугат маселесин чечүү үчүн ирригациялык система жакшы жолго коюлушу – замандын талабы. Мына ушундай комплекстүү чоң маселелерди жүзөгө ашыруу үчүн инвестиция тартууну баштайбыз. Демек, бул көйгөйлөрдүн чечилүү жолдорун мен көрүп турам. Буюрса, жигердүү киришип, алгылыктуу демилгелер менен жакынкы жылдары элибизге кам көрөбүз.


- Ала-Бука, Чаткалда кен иштеткен фирмалар менен жергиликтүү элдин ортосунда пикир келишпестиктер болуп келет. Буга кандай карайсыз?

- Ооба, ошондой учурлар арбын. Көп чырлар эсимде. Негизи сырттан келген фирмалар сөзсүз жергиликтүү эл менен эсептешүүсү зарыл. Алардын социалдык маселелерин чечкенге жардам бериши керек. Биздин Ала-Бука, Чаткал райондорунун экономикасынын өнүгүүсүнө, социалдык объектилердин курулушуна, жолдордун оңдолушуна алардын салым кошуусу маанилүү. Ага улай жергиликтүү элди жумуш орундары менен камсыз кылуусун көзөмөлгө алабыз. Сырттан келип, иштеп жаткан компаниялардын эмгек жамаатынын 80-90 пайызын жергиликтүү эл түзгөндөй кылып макулдашуулар түзүлүшү талапка ылайык.


- Өлкөдө инфляция күч алды, муну кантип токтотсо болот? Каатчылык барган сайын элди каржалтууда...

- Ооба, азык-түлүк аябай кымбаттады. Элге кыйын болуп жатат. Пенсия жана башка жөлөк пул аз-аздан кошулууда, бирок бул жетишсиз. Дагы көбөйтүүгө аракеттер көрүлөт... Кымбатчылыктын орчундуу себептерин карап көрөлү. Пандемиядан улам жалпы эле дүйнө жүзүндө экономика оор абалга кептелди. Ушундан улам Кыргызстанда күйүүчү май 40-50 пайызга көтөрүлдү, анан ал башка товарлардын кымбатташына кедерин тийгизди. Ошентип, азык-түлүк, курулуш материалдары да кымбаттады. Эң керектүү өсүмдүк майы менен кумшекер, ундун баасы көтөрүлгөнү жанды кейитет. Себеби, бул продуктулардын баардыгын биз башка өлкөлөрдөн импорттоп алабыз. Негизи элибизге жетиштүү түрдө айыл чарба азыктарын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик деңгээлде алгылыктуу долбоорлордун иштелип чыгышына жалпыбыз салым кошушубуз абзел.


- Баса, кымбатчылыктын себебин күйүүчү майга байланыштырдыңыз го?..

- Ооба. Кичине сабыр кыла турган жагдай бар, күйүүчү май кымбаттаса да бизде кенен, Россиядан алабыз. Ал эми коңшу Казакстанда дизель отуну жетишсиз болгондуктан, фермерлер, шопурлар нааразычылык акциясына чыгышканын көрдүк. Өзбекстанда болсо бензиндин тартыштыгы өткөн айларда байкалды.


- Кыргызстанда туруктуулук болуш үчүн эмне кылуу керек? Бул жагынан кооптондурган ар кандай божомолдорду окуп, угуп да келебиз...

- Талашып-тартышуунун, сыноонун да чегин билсек. Өлкөдөгү саясый күчтөр ашыкча амбицияларын тыйышып, бир сөзгө келсе дейм. Ар бирибиз мамлекетибизге кандай кызмат кылып атабыз? Ушул боюнча ойлондукпу? Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаргандай ынтымакка келсек, кандай гана кыйынчылык болбосун жеңебиз. “Ырыс алды ынтымак” деп бекеринен айтылган эмес. Тилекке каршы, бизде тынчтыкты каалабаган сырткы күчтөр да бар, алар ар кандай жолдор менен тополоң чыгарууга маал-маалы менен аракет кылып турушат. Биз буга жол бербешибиз керек. Анан эң негизгиси, Жогорку Кеңешке шайлоо таза өтүшү шарт. Аймактардан элибиз ишенген өкүлдөрүн парламентке шайлап жөнөтүшсө, алар убадасын актаса, алгылыктуу иштеп беришсе, өлкөбүздүн экономикасы өнүгүп, жогоруда сөз кылган көйгөйлөр да чекесинен чечилип, жолго салынат эле.


- Бирок көп учурда саясат биз ойлогондой болбой, күтүүсүз көрүнүштөргө бай келет эмеспи. Былтыркы шайлоодон кийинки нааразычылыктар эсибизде, натыйжада бийлик алмашты. Негизинен шайлоонун кесепети отко май тамызгандай курчуп кетти да. Сабак алабызбы?

- 2020-жылдын жай айларында элибиз пандемиядан жапа чегишип, кыйналышты. Ден соолук кайгысын тарттык. Канчалаган мекендештерибиз өтүп кетишти... Ооба, биз өткөн окуялардан сабак албасак, алдыга жыла албайбыз. 28-ноябрда Жогорку Кеңешке өтө турган шайлоонун мыйзамдуулугун бийлик тыкыр карап, партияларга, талапкерлерге адилеттүү маанайында шарт түзүп бериши керек. Административдик ресурсту колдонууга, добуш сатып алууга каршы катуу чараларды көрүү убактысы келди. Бул боюнча президентибиз Садыр Жапаров тийешелүү органдарга тапшырмаларды берип, шайлоону таза, адилеттүү өткөрүү аракетин көрүп атат. Биз адеп эле тырмоочту тескери басып алуудан бийик көтөрүлөлү. Бийликчил партиябы, оппозициячылбы, же кайсы гана талапкер болбосун, мыйзам бузса жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Калыс башкаруу мамлекеттин туруктуулугун бекемдейт. Өз көмөчүнө күл тарткан мурдагы башчыларды деле көрдүк, эл менен эсептешпесе эч ким жардам бере албайт экен да. Андыктан, шайлоочулардын чыныгы добушу, эрки менен татыктуу талапкерлер депутаттык мандатка жетишсе, баары ойдогудай өнүгөт. Мекенибиздеги тынчтыкты сактоонун үлгүсүн көрсөтөт элек. Дүйнөлүк коомчулукка да жүзүбүз жарык, элибиз да ыраазы дегендей...


- Кудай буюрса, көпчүлүк колдоп, кайрадан парламентке барсаңыз, ишиңизди эмнеден баштайсыз?

- Эң башкысы, буга чейин жасап келаткан ишимди улантып, шайлоочулардын муктаждыгын, талабын аткаруу милдетим. Мен Ала-Бука, Чаткал аймагындагы оор турмушту, кандай кыйынчылыктар бар экенин жакшы билем. Башка райондордой эле мектеп, бала бакча, ФАП жетишсиздиги, оңдоо-түзөө иштери, жол сыяктуу көйгөйлөр жүрөк оорутат. Бир катар кен байлыктарыбыз ырааттуу казылбай, жергиликтүү тургундар нааразы. Элибиздин саламаттыгына кам көрүү түйшүгү бар. Ушул айткандарымдын баарын анализдеп, министрлер кабинети менен бирдикте маселелерди чечүүгө аракет кылабыз. Реалдуу ишке аша турган пландарым бар. Мындан сырткары, ири инвестиция тартуу, мамлекетибизге пайда алып келүү, кичи мекениме жумуш орундарын камсыз кылуу жагын чечебиз. Албетте, убакыт керек. 


Асланбек САРТБАЕВ, журналист


***КР №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сарымсаков Ахматбек тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 81 01.10.2021-ж.).

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Орозбаев Эрнис
Менин пикирим. Азизбек Атакозуевич көп жылдардан бери жогорку жактарда иштеп келет. Кээ бир адамдар ал эмне иш кылды дешип каршы ойлорун айтышат. А мен, ал киши кылган ишин башкалардай мактанбайт деймин. Ылайым эле шайланып калса экен. Анан ошол каршы болгон пенделерге, айылдарга өзүн көрсөтүп койсо, жакшы болот эле. Менин пикирим ушул
Осмон
Ийгилик каалайм, Азиз Турсунбаев.