Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:09
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Азизбек Турсунбаев №5. Эл баатыры билдирет: Мындай мыкты жигиттер кыргызда чанда кезигет

25.11.2021 13:04
1805
Азизбек Турсунбаев №5. Эл баатыры билдирет: Мындай мыкты жигиттер кыргызда чанда кезигет


Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры Миталип Мамытов баштаган түрдүү тармакта элге эмгеги сиңген инсандар №18 Ала-Бука шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Азизбек  Турсунбаев жөнүндө пикирин билдиришти. Алардын сөзүнөн улам Азизбек Атакозуевичтин адам катары дагы, саясатчы катары дагы бир калыпта, түз жүргөн туруктуу инсан катары образы ачылат. Аз сүйлөп, көп иш жасаган саясатчылар саналуу. Көпчүлүгү, ишти баштап-баштай элек жатып эле “Мен жасап жатам” деп көкүрөк койгулаганга киришет. Ал эми Азизбек Турсунбаев көп иштерди унчукпай гана жасайт. Төмөндө аттуу-баштуу, кадыр-барктуу инсандар да талапкердин ушул сапаттарына өзгөчө басым жасашты. 

 

Миталип МАМЫТОВ, КР Эл Баатыры:

-  Азизбек Турсунбаев иним эң ириде медицина академиясында окуп, стоматология факультетин ийгиликтүү аяктаган. Бир чети менин окуучум катары сыймыктанам. Саламаттык сактоо жагында кылган мыкты иштери менен да жакындан таанышмын. Ошол эле учурда көп кырдуу жигит. Кайсы жакка багыт албасын майын чыгарат. Бизнес жаатында да көптөгөн алгылыктуу, көзгө көрүнүктүү, көкүрөктү жылыткан иштерин билем. Саясатта жүргөнүнө бир топ убакыт болуп калды. Бул жаатта да өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп жүрөт. Артынан эч бир жаман сөз ээрчиткен эмес, укпаптырмын. Өзүнүн кызыкчылыгынан мурун элдин кызыкчылыгын жогору койгон намыстуу жигиттердин бири. Бир билгеним бар, Жалал-Абад облусунда губернаторлук кызматты аркалап, кыска убакыттын ичинде жүрөк жылыткан иштери менен облуста кадыр-баркы көтөрүлдү. Азиздей мыкты жигиттер кыргызда чанда кезигет. Бул жолу депутаттыкка аттанып атса, эли өз добушун Азизге берерине толук көзүм жетет. Мындай жигиттер парламентке барышы керек. Келечеги кең, бийик! Ишине ийгилик каалайм!

 

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, олимпиада чемпиону:

- Азизбек Турсунбаев иним менен кыргыз спортун оңдоо, бир нукка салуу жагында көп сүйлөштүк. Жакшы ойлоруна ортоктош болдум. Өзүңүздөр билесиздер, спортко көңүл бурган депутаттар саналуу. Баары эле саясатта жүргүсү келет. Спорттон өткөн саясат барбы? Өлкөнү чет жактарда спорт таанытарын кээ бирлери биле бербейт. А Азиз болсо кыргыз спортун көтөрүү жагында мени менен далай ирет акылдашты. Спортту мыкты түшүнгөн жигит. Ар дайым спортко колкабыш кылган адамдарга жүрөгүм жылыйт жана жакшы пикирдемин. Мындай жигиттер бизге керек.

 

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, экс-министр:

- Мен Азизди көп жылдардан бери жакшы тааныйм. Үч чакырылышка депутат катары шайланып, өз милдеттерин татыктуу аркалап келди. Кыргыздын белдүү жигиттеринин бири, намыскөй, өзүн жакшы алып жүрөт. Артынан эч кандай чыр-чатак, тескери иштерин уккан жокпуз. Алабукалык досторум, тааныштарым да Азиздин сөзүнө турганын жогору баалашарын айтышып, мактап калышат. Кичи мекенине колдон келишинче жардам кылганын угуп келебиз. Элдин жүгүн көтөрүп кетерине ишенем. Алдыдагы парламенттик шайлоодо Азиз Турсунбаевди колдоого чакырат элем.

 

Керим ТУРАПОВ, КР эл артисти:

-  Мен Азизди адам катары, инсан катары абдан сыйлайм. Ала-Буканын белдүү жигиттеринин бири. Нике кайып болуп келинчегим Ала-Букадан. Ал жакка, кайындарга көп каттайм. Барганда эле келинчегимдин төркүндөрү, райондун эли түп көтөрүлө жерге-сууга тийгизбей Азизди мактап жатып калышат. Элине көп каралашат экен. 2007-жылы депутат болгондон бери жакшы билем. Вице-спикер кызматын да татыктуу аркалады. Аз сүйлөгөн жетекчи көп ишти бүтүрөт. Жүрөк жылыткан иш-аракеттерин кээ бир популисттерге окшоп кыйкырып айтып чыкпайт. Билдирбей эле жүрө берет. Мамлекетке жасаган пайдалуу иштерин жар салбаганы мага жагат. Парламенттик шайлоого ат салышууда, сүйүктүү эли колдоп алса, дагы да элдик депутатка айланары айкын. А баса, ишкерлик жагында да чоң таланты бар. Ооба, бай жигит. “Алган бай эмес, элине берген бай” деген сыпаттама сөз ушу жигитке жарашат. 

 

Жылдызкан ЖОЛДОШОВА, коомдук ишмер:

-  Азиз Турсунбаев Жалал-Абадда губернатор болуп иштеп жүргөндө жаш кадр катары ийгиликтүү жагын көрсөтө алды. Экинчиден, депутат катары иштерман, түз жүргөн жигит экенин коомчулук билди. Өзүнүн принципиалдуу көз карашын эч бир тайманбастан билдирип турду. Бийликтин же кайсы бир саясый топтун жалган камчысын чаппады. Чындык позициясынан тайыган жок. Курч маселени коомчулукка көтөрүүдө кээ бир депутаттар Азизден уялбай эле үйрөнүшсө дейт элем.     


Бөдөш МАМЫРОВА, коомдук ишмер:

- Азиз Турсунбаевди үч жолу эл ишенимине ээ болгон, өзгөчө мүнөз күткөн инсан катары билем. “Өзгөчө мүнөз” дегеним, оор басырыктуу, токтоолук менен иш кылган, ар кандай абалда өзүн бир калыпта кармай алган, кубаныч-капасын көбүртүп- жабыртып айта бербеген, жеңил-желпи пиарга алаксыбаган, коомдун күрөө тамырын сезе билген, калк үчүн каруусун казык кыла, элине эмгеги сиңген кесипкөй, коомдук саясый ишмер катары коомдон ордун таба алды (!) десем ашыкча болбос. Эл, мамлекет үчүн кызмат кылуунун маданияттуу үлгүсүн ушул инсандан байкаса болот. Ушул мезгилге чейин кылган кызматын колко кылып, айгай салгандардын катарында жүрбөдү. Эмгеги, кызматы, көрсөткөн ар түркүн жардамдары тымызын жана натыйжалуу болду, ошондуктан Азизге ишеним арткан электораттын катары арбын экенин байкайбыз. Дагы бир өзгөчөлүгү – принципти карманганы, башкача айтканда, мезгилдин, коомдун өзгөрүүсүн агымга жараша бир калыпта кармап, пикирин, эмоциясын тез өзгөртпөй, кайсы бир сүрмө топко кирип кетпей, белгилүү инсандарды коштоп жүрчү интригаларга аралашпай, сабырдуулукту карманган кесипкөй деңгээлинде элдин арасында болгондугунда.


Бүгүнкү күндө саясый, коомдук ишмер, жетилген тажрыйбалуу кадрлардын катарын толуктап, өзгөчө инсан катары тааныла алды. Мындай мүнөздү ал талыкпаган таза мээнеттин арты менен өзү жарата алды жана бийик сый-урмат тапты. Азиз туруктуу пикири бар, көп кырдуу кесипти өздөштүргөн мээнеткеч, эмгегин элге арнаган, ошол эле учурда жасаган ишинин үзүрүн көргөн, өзгөлөргө окшобой, сырдуу мүнөз күткөнү, ички маданиятын иши менен айкалыштыра алган белгилүү инсандардын бири. Кайсы мезгил, кандай кызмат болбосун ийгилик жарата алган адам катары ишеним көрсөткөнгө татыктуу жигит.

 

Автандил АРАБАЕВ, юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору:

- Адатта жөнөкөй көрүнгөнү менен жүрөгүндө элим-жерим деп, чындыгында күйүп-бышкан адамдар аз кездешет. Бирок, андай адамдар «аз болсо да, саз болот» дегендей, элдин түйшүгү менен жашап, «элдин уулу» аталат. Азиз Турсунбаевди мен ушундай адам катары тааныйм.


Өзүнүн эмгек жолунда Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланып, төраганын орун басары кызматын аткарды. 2011-жылы Жалал-Абад облусунун губернатору болуп дайындалган.


Арийне, мамлекеттин мыйзам чыгаруу жана аткаруу органдарында кызмат өтөп жүрүп, Азиздин дүйнө таанымы, көз карашы, мүнөзү калыптанды. Учурда ал көптөгөн төбөсү көрүнгөн саясатчыларыбыздын арасында аттын кашкасындай көзгө илинген, жоопкерчиликтүү мамлекетчил инсан.


Ал саясатка жаңы келгенде негизинен жердештеринин, кичи мекенинин көйгөйлөрү менен алектенсе, бара-бара анын ишмердүүлүгүндө жалпы өлкөгө тийешелүү маселелер көбүрөөк орун алып келет. Акыркы учурда Кыргызстандын чек ара көйгөйлөрү, Евразия биримдигиндеги кызыкчылыктары, Россияда жана Казакстанда мигрант болуп жүргөн жарандарыбыздын укуктары сыяктуу эл аралык мамилелер менен алардын көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл бөлгөнү байкалат.


Айтайын дегеним, Азиз Турсунбаев бүгүнкү күндө тажрыйбалуу мыйзам чыгаруучу, саясый жана мамлекеттик ишмер катары баралына толуп турган кези. Аймактык деңгээлдеби, мамлекеттик деңгээлдеби – кандай маселе болбосун, анын көзүн таап, чечүүгө жан үрөп, жоопкерчиликтүү мамиле жасаары анык.


Албетте, Азиздин адамдык касиеттерине, кулк-мүнөзүнө токтолуп кетпесе болбойт. Оор басырыктуу, өзүн бир калыпта алып жүргөн, аз сүйлөп, көп иш кылган, ошол эле учурда жөнөкөйлүгү, ыймандуулугу менен айырмаланган кыргыздын жигити. Бирөөнүн көйгөйүн өзүнүн көйгөйүндөй көрүп, колунан келгенинин баарын жасап жүргөнүн эл-журт билет. Жеке бизнеси болуп, колунда бар болгонунан башына иш түшкөн карапайым адамдарга жардам берип, жалпы эле элине, жерине көп жакшылыктарды жасап келет.

 

Ошондуктан Ала-Бука менен Чаткал аймагындагы мекендештеримди жакында боло турган шайлоодо Азиз Турсунбаевди Жогорку Кеңештин депутаты кылып шайлап алууга чакырып кетем. Ал сиздердин ишеничиңиздерди актайт. Мен Азизге ишенем!


***КР №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сарымсаков Ахматбек тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 81 01.10.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн