Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 08:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Азизбек Турсунбаев №5. Катардагы жумушчудан чоң саясатка кеткен жол

19.11.2021 15:34
1830
Азизбек Турсунбаев №5. Катардагы жумушчудан чоң саясатка кеткен жол


№18 Ала-Бука шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевич жөнүндө азыноолак сөз.


Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугуна төбөсү көрүнүп калган саясатчы Азизбек Турсунбаевдин ар тараптан бышып жетилип, мөмөсүн бере турган учуру. 55 жаштагы саясатчы өзүнүн басып өткөн жолунда тазалыгы, акыйкатты туу тутунгандыгы жана иштермандыгы менен жаштарга үлгү боло алат. Өмүр жолун совхоздо жумушчу болуудан баштаган Азизбек мырза келечекте өзүн өлкөдө өрнөктүү адамдардын катарына кошо алды. 


Каарманыбыз эмгек жолун 1983-жылы Ала-Бука районундагы «Бирлик» совхозунда жумушчулуктан баштаган. Ал кезде бар болгону 17 жаштагы жигит эле.


Анан Советтер союзу ыдырагандан  кийин рынок экономикасынын шартын илгиртпей түшүнүп, жеке ишкерлик менен алектене баштайт. 1995-жылдардан тарта баштаган жеке ишкерлиги ага жетишээрлик ийгиликтерди алып келген. 2000-2003-жылдары Панфилов районунун Кайыңды шаарчасынын «Шекер-Ордо» ЖЧКсынын соода-сатык иштери боюнча башчысы, 2003-2005-жылдары «Ошкрастекст» ЖЧКсынын Бишкек филиалынын директорунун орун басары, андан соң директору кызматтарын аркалаган.


Бизнестеги байсалдуу жолдон кийин 2005-жылдан тарта чоң саясатка кадам таштаган. 2005-2007-жылдары КР Жогорку Кеңешинин III чакырылыштагы депутаты, 2007-жылы IV чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. Ошол эле чакырылышта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгын татыктуу аркалаган.


Азизбек Атакозуевич мыйзам чыгаруу бийлигинде гана эмес, аткаруу бийлигинде да тажрыйбасы бар. Ал 2011-жылы Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеген.


Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болуп, трибуна талашпай аз сүйлөп, көп жумуш жасаганын шайлоочулары жакшы билет. Анын район боюнча аткарган жумуштары бир топ. Аны бирден санап отуруунун кажети жок. Айрым маанилүү жагдайларына гана токтололу. Ала-Бука – Кербен жолун, райондун борборун асфальттап, Ала-Бука – Шекафтар унаа жолун аягына дейре чыгарууга каражат бөлдүрүп, мектеп, бала бакча, райондун мекеме уюмдарын унаа менен камсыз кылууда тийиштүү министрликтер менен тең ата сүйлөшүү жүргүзүп, өзүнүн алгылыктуу салымын кошо алды.


Учурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Ал учурда бышып, жетилип, Ала-Бука менен Чаткал райондорун алдыда өнүгүүсү үчүн зор салымын кошо берет деген ишеничтебиз. Азизбек Турсунбаевдин топтогон тажрыйбасы жана күжүрмөн эмгекчилдиги мамлекетибиз үчүн абдан керек. Көп сүйлөбөй, кооз сүйлөбөй деле натыйжалуу иштерди жасаса боло тургандыгын далилдеди.


Алдыга жана алдыга, Азизбек Атакозуевич!


***КР №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сарымсаков Ахматбек тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 81 01.10.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн