Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Азизбек Турсунбаев (№5) шайлоо алдындагы үгүт иштерин жыйынтыктады

26.11.2021 17:50
1690
Азизбек Турсунбаев (№5) шайлоо алдындагы үгүт иштерин жыйынтыктады


Бүгүн, 26-ноябрда бир мандаттуу №18 Ала-Бука шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевич Ала-Бука районунун борборунда өзүнүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жыйынтыктады.


Дээрлик бир ай бою талапкер Ала-Бука, Чаткал райондорунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрүп, карапайым калктын көйгөйлөрүн жеринен укту, элди түйшөлтүп келген суроолорго жооп берди.


Азизбек Турсунбаев шайлоочуларын өзүнүн программасы менен тааныштырып, көпчүлүктүн сунуштарын, пикирлерин көз жаздымда калтырган жок. Эки райондун эли өзүнүн кулунунун туулуп-өскөн жери үчүн, эли үчүн жасаган эмгегин жакшы билет. Барган жеринен кары-жаш дебей жылуу маанайда тосуп алышып, ак батасын берип узатып жатышты.


Азизбек Атакозуевич бүгүнкү күндө зор тажрыйбага ээ болуп, эли-жери үчүн каруусун казык, канын азык кылып иштеп бере турган куракта. Эл ага буга чейин да ишеним артып келишкен. Ал ишенимди Азизбек Турсунбаев жерде калтырбады. Оозунан чыккан ар бир сөзүн аткарууга аракет кылды. Көптөгөн көйгөйлүү маселелерди жеринен чечти. Эми мындан ары да эли үчүн ак ниет менен адал эмгек кылуу ниетинде турат. Анын туруктуу шайлоочулары да буга бекем ишенет. Ал эми Азизбек Турсунбаев ишенимди толугу менен актайт. 


***КР №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сарымсаков Ахматбек тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 81 01.10.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн