Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Азизбек Турсунбаев: Алтын казган компаниялардын рекультивациялык иштерди өз убагында аткарышы өтө маанилүү

23.01.2024 19:02
381
Азизбек Турсунбаев: Алтын казган компаниялардын рекультивациялык иштерди өз убагында аткарышы өтө маанилүү


Республикабыздын аймактарында алтын казуу менен алектенген компаниялардын рекультивациялык иштерди өз убагында жана тиешелүү талаптардын негизинде аткарышы өтө маанилүү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди.


"Рекультивациялык иштердин аткарылышы менен биз экологиябыздын, кооз табиятыбыздын бузулбай келечек муунга өткөрүлүп берилишин камсыздай алабыз. Тилекке каршы, айрым компаниялар рекультивация иштерин өз убагында жасабай, алтургай жетекчилери качып кеткен учурлар да кездешет", - деди эл өкүлү. 


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев бул боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн