Мамлекеттик кызматкерлер ипотекалык үйлөрдү алууда Социалдык фонддун социалдык топтом бөлүмүндө чогултулган акчасын алса болобу ? Мындай суроону Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиевге узатты.
Алиев бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрүн алуу үчүн социалдык топтомдо эң аз 50 миң сом болушу керектигин билдирди.
"Демек, мамлекеттик кызматкерлер ипотекалык үйлөрдү алууда кредит албай деле, социалдык топтомдогу акчасын иштетсе болот.
Мына ушуну көпчүлүк билбейт",- деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн