Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Азизбек Турсунбаев кыргызстандыктарды Ата-Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады

23.02.2024 11:12
975
Азизбек Турсунбаев кыргызстандыктарды Ата-Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады


Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев кыргызстандыктарды Ата-Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Төмөндө эл өкүлүнүн куттуктоосун беребиз.


"Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу достор!

23-февраль – Ата-Мекенди коргоочулардын күнү. Элибизде эзелтеден “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”, “Чептен эрдин күчү бек” деген сыяктуу учкул сөздөр айтылып калган. Мунун өзү ар бир кыргыз жигити өз элин, өз жерин, өз Мекенин ар кандай коркунучтардан коргоп, көздүн карегиндей сакташы керек дегенди түшүндүрөт эмеспи. Чындыгында эле ар бир адам үчүн өзүнүн мекенинен ыйык баалуулук болбосо керек.

Андыктан мекенибиз Кыргызстанда ар дайым тынчтык орноп, асманыбыз ачык болсун. Ар бир үйдө наристелердин күлкүсү жаңырган, ата-энелерибиздин акыл-насааты айтылган, жаштарыбыздын күжүрмөн эмгеги коштолгон бактылуулук мамлекетибизден кетпесин.

Урматтуу Ата-Мекенди коргоочулар, аскер кызматкерлери жана кыргыз элинин жалпы эле эр-азаматтары! Жалпыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ишиңиздерди ийгиликтер коштоп, ден соолугуңуздар чың болуп, үй-бүлөңүздөр менен бактылуу болуңуздар!".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн