Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутат Азизбек Турсунбаев жалпы аял затын келе жаткан майрамы менен куттуктады

07.03.2023 19:39
335
Депутат Азизбек Турсунбаев жалпы аял затын келе жаткан майрамы менен куттуктады


Ардактуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар!


Сиздерди 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм.


Сиздерге чын ден соолук, бакыт-таалай, ар дайым  жаркын маанай жана  жакшылык каалайм!


"Ата балдарын, эне улутту тарбиялайт" дейт эмеспи. 


Сиздердин коомдогу ордуңуздар опол тоодой экени талашсыз. Сиздердин мээнет, билим жана тарбия менен мамлекетти  өнүгүп-өстүрө турган азаматтар жетилет. 


Биздин энелер чыныгы эр жүрөк, баатыр жана тайманбас эр жигиттерди тарбиялап жатканына өзүбүз дагы күбө болуп турабыз.


Аялдар бар үчүн дүйнөдө мээрим жана жылуулук сакталып келет.


Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм! 


Урматтоо менен Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн