Бугу 07, 2024
Убакыт: 15:09
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

БА өлкөлөрүнүн президенттери Дүйшөмбүдө кеңешме жыйынына чогулат

21.08.2023 11:30
265
БА өлкөлөрүнүн президенттери Дүйшөмбүдө кеңешме жыйынына чогулат


Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Дүйшөмбүдө кеңешме жыйынына чогулат. Аймактын мамлекет башчыларынын жолугушуусу 14-15-сентябрга белгиленгенин Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин билдирди.


Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин консультативдик жолугушуусунда маанилүү документтерге кол коюлат. Алардын ичинен эң маанилүүсү өлкө лидерлери тарабынан бекитиле турган жыйынтыктоочу декларация болмокчу.


Дүйшөмбүдө дагы эки келишимге кол коюлат: бири кургактагы транспорт тармагын камтыйт, экинчиси жаштар саясатына байланыштуу.


Тышкы иштер министри белгилегендей, Тажикстан Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин консультативдик жолугушуусунда дагы 12 кошумча иш-чара өткөрүүнү сунуштады. Алардын арасында экономикалык форум, илимпоздордун жолугушуусу, маданий иш-чаралар жана аймактын бардык беш мамлекетинин кулинардык салттарын чагылдырган улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн