Бугу 01, 2024
Убакыт: 12:32
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

БАЭ Кыргызстанда күн электр станциясын курууга кызыкдар

05.09.2021 08:18
1005
БАЭ Кыргызстанда күн электр станциясын курууга кызыкдар

БАЭнин компаниясы Кыргызстанга күн электр станциясы үчүн инвестиция салууга кызыкдар. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.


Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр министрлигинин, энергокомпаниялардын өкүлдөрү Бириккен Араб Эмираттарынан келген делегация менен жолугушту. Анда энергетика тармагында кызматташуу маселеси талкууланды. Ошондой эле кыргыз тарап өлкөдөгү энергетикалык долбоорлор боюнча маалымат беришти. 


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө БАЭ тарап энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча Кыргызстандын дарамети жогору экенин айтышты. Ал эми «MASDAR» компаниясы күн электр станциясына инвестиция салууга кызыкдар экенин белгилешти. Белгилей кетсек, бул компания Өзбекстанда күндүн нуру менен иштеген электр 

станциясына 110 млн доллар инвестиция салган.


Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн Энергетика министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол кою сунушу киргизилди. Эми тараптар документтин долбоорун даярдоо боюнча иш жүргүзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн