Бирдин айы 09, 2025
Убакыт: 23:01
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.885
0.920

БАЭде кыргыз-араб ишкерлер кеңешинин жыйыны өтүүдө

05.02.2025 15:30
181
БАЭде кыргыз-араб ишкерлер кеңешинин жыйыны өтүүдө


Бириккен Араб Эмираттарында кыргыз-араб ишкерлер кеңешинин жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы түзүлгөн кыргыз-араб ишкерлер кеңеши Кыргызстан менен араб дүйнөсүнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн негизги платформасы катары өзүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.

КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Нартаев жыйынды ачып жатып стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу кызматташууну соода-экономикалык чөйрөдө гана эмес, маданий-агартуу байланыштарын чыңдоодо да кеңейтүү келечегин белгиледи.

Өз кезегинде Шарджа Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Султан Абдулла Аль Овайс араб тараптын Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда кыргыз делегациясы эки негизги долбоорду сунуштады. Алардын бири БАЭнин бизнес-коомчулугунда чоң кызыгууну жараткан жана интеллектуалдык жана билим берүү демилгелерин өнүктүрүүгө инвестиция тартуу потенциалын көрсөткөн “Шахмат шаары” инновациялык долбоору. Экинчиси, кичи ГЭСтерди куруу жана долбоорлоо жаатында алдыңкы оюнчу болгон AK-BUURA GROUP компаниясынын долбоору.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн