Бугу 18, 2024
Убакыт: 03:34
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

БАЭден келген 5567 даана кымбат баалуу телефонду аткезчилик жолу менен өткөрүү фактысы аныкталды

20.05.2022 19:07
419
БАЭден келген 5567 даана кымбат баалуу телефонду аткезчилик жолу менен өткөрүү фактысы аныкталды



  УКМК тарабынан КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында иштейбиз дешип, өлкөнүн бюджетине ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришип, уюлдук телефондорду аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

   Алынган маалыматтарга караганда, айрым ишкерлер Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан материалдык байлыктарды мыйзамсыз алуу максатында, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын айрым өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, БАЭден Кыргызстанга кымбат баалуу мобилдик аппараттарды жана аксессуарларды аткезчилик жол менен алып өтүү боюнча туруктуу канал түзүп алышкан.

 

    Тактап айтканда, 2022-жылдын 19-майында «Манас» Баажы каттоо жеринин бажы контролунун аймагына, ичинде кымбат баалу 5759 даана мобилдик аппараттар түрүндөгү жүгү менен, «SIVAS TRADE» ЖЧКсына таандык жүк ташуучу учак келип конгон, андан соң, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен мурда алдын ала макулдашылган схема боюнча тиешелүү жүк ташуу документтерин толтурбастан, эки «Мерседес-Бенц» автоунаасына бул жүктү мыйзамсыз жүктөп алып өтүүгө аракет кылган.


      Бул ишке байланыштуу, КР УКМК жана КР Финансы министрлигине караштуу МБКК аткезчиликке каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жогорудагы автоуналар токтотулуп, ичиндеги жүктөр текшерүүгө алынган.


      Жогорудагы автоуналардын жүк салгычтарын текшерүү учурунда 5567 даана кымбат баалуу телефондор, 127 даана кулакчындар (наушник) жана 64 даана сааттар табылган. Учурдагы товарларга тиешелүү жүк ташуу документтери жок болгондуктан, бул жүк мыйзамсыз түрдө аткезчилик жол менен экспорттолгон.

 

   «SIVAS TRADE» ЖЧКсы бажы алымдарын жана Кошумча наркка салыкты толтурбастан жана төлөбөстөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкери «Манас» Бажы каттоо жеринин улук инспектору аталган А.Н.К.дан «Чыгарууга уруксат берилди» деген штамп алган. 


        Бул факты боюнча материалдар тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КР УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн