Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Б.Бакетаев: Өкмөт кризисти жоюуда формалдуу эмес, көрөгөчтүк чечимге барышы керек

31.03.2020 13:44
897
Б.Бакетаев: Өкмөт кризисти жоюуда формалдуу эмес, көрөгөчтүк чечимге барышы керек


Кытайда коронавирус илдети пайда боло баштаганда эле, кыргыз өкмөтү экономикалык жаатта алдын алуу аракеттерин көрө башташы керек эле. Мындай пикирди саясат таануучу, мурдагы финансист Бакыт Бакетаев “Медиа-центр” мультимедиялык маалымат агенттигине өкмөт жаңы кабыл алган антикризистик планы боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, ошентсе да өкмөт бизнес жана медициналык жаатта колунан келишинче аракетин жасап жатат. Кризис Кыргызстанда эле болгон жок, бул – дүйнөлүк проблема. Ошондуктан өкмөт кризистин кесепеттерин азайтуу чечимдерин кабыл алууда формалдуу, бюрократиялык эмес, таланттуу, көрөгөчтүк, реалдуу чечимдерди кабыл алышы шарт.

Антикризистик пландарды ишке ашыруу менен чакан жана орто бизнесмендер, ишкерлер менен түз отуруп кеңешип, анан аларга керектүү шарттарды түзүү керек. Бизнес токтосо, киреше токтойт. Салык, соцфонддордун убагында түшүүсү камсыз кылынса, айлык акылар убагында төлөнүп бериле баштайт. Ошондуктан бул тармакка өтө кылдаттык, астейдил мамиле талап кылынат. Албетте, адамдын өмүрү биринчи орунда турат, ден соолук жагына да кедерги тийип калбагандай туура жолду табыш керек деп ойлойм. Эгерде туура эмес кадамдар менен кете турган болушса кийин кылмыш иштери козголуп, арты жаман болуп калышы ыктымал”, - дейт Бакыт Бакетаев.

Анын айтуусунда, ушул тапта АКШ, Россия, Казакстан жана башка чоң-чоң Европа өлкөлөрү кризистен чыга албай, өз айлаларын таппай жатат. Ошондой эле Эл аралык валюталар фондунун да күчү алсыз болуп турат.

“Экономикадан алыс эмес адам катары кеңешим, азыр Кыргызстан Кытай мамлекети менен экономикалык жана социалдык байланышын жандандыруусу керек. Себеби башка мамлекеттерге салыштырмалуу ал жакта абал турукташып калды жана кыйла тажрыйбалуу. Бизнес жагынан да, медициналык жагынан да тажрыйба бере алчу жалгыз бай мамлекет – бул Кытай”, - деп кошумчалады эксперт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн