Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 22:13
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

БИРИМДИК №1. 2,5 млн. шайлоочу менен жолуктук, бүт өлкө бизди колдоду, Жеңиш биз тарапта!

02.10.2020 17:07
1311
БИРИМДИК №1. 2,5 млн. шайлоочу менен жолуктук, бүт өлкө бизди колдоду, Жеңиш биз тарапта!


«Биримдик» демократиялык социализм-евразиялык тандоо партиясынын командасы үгүт кампанияга чегерилген бир айдын ичинде Кыргызстандын бардык облустарында, шаарларында жана айылдарында  шайлоочулар менен беш миӊден ашуун жолугушууларды өткөрүштү. Бардыгы үгүт кампаниясынын жүрүшүндө «Биримдик» партиясы бүткүл өлкө боюнча 2,5 млн.дон ашык шайлоочулар менен жолугушту.


«Биримдик» партиясынын талапкерлери менен лидерлери Төрөбай Зулпукаров, Акылбек Жамангулов, Аида Касымалиева, Улукбек Кочкоров жана башка партиянын талапкерлери жолугушуулардын жүрүшүндө ар бир кыргызстандыктын оюн угуп, аларды кызыктырган маселелерге жооп берип, «Биримдик» партиясынын идеологиясы жана пландары туурасында жана аларды чечүүнүн жолдорун айтып беришти. 


Жалпылап айтканда «Биримдик» партиясынын үгүт кербенинин жүрүшү учурунда өлкөнүн эӊ эле алыскы аймактарына чейин барышып, партиянын программасы менен идеологиясын Кыргызстандын ар бир тургунуна чейин жеткирүүгө жетишишти.  Баарлашып, пикир алмашып, элдин суроо-талаптарын  угуп, алардын колдоосуна ээ болушту.


 «Биримдик» демократиялык социализм жана евразиялык тандоо партиясынын үгүт кербени 4-сентябрда өлкө боюнча жүрүшүн Бишкек жана Ош шаарларынан баштаганын эсиӊиздерге салабыз. Үгүт кампаниясынын башталганына арналган расмий иш-чара өлкөнүн түндүк жана түштүк борборлорунда-Бишкектин Жеӊиш аянтында, Ош шаарындагы ыйык Сулайман-Тоодо өткөрүлгөн.


№1 БИРИМДИКТИ колдоо менен Сиздер өз элиӊиздерди колдогон болосуздар. Жекшембиде  4-октябрда 8.00дөн 20.00гө чейин шайлоо участкаларына келип тизменин башындагы №1-БИРИМДИК  партиясына добуш бериӊиздер.


***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн