Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 13:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

БИРИМДИК №1. Аширбай Жусупов, талапкер: “Биримдик” партиясы көйгөйлөрдү чечүүнүн эң туура жолдорун сунуштайт”

30.09.2020 15:44
1131
БИРИМДИК №1. Аширбай Жусупов, талапкер: “Биримдик” партиясы көйгөйлөрдү чечүүнүн эң туура жолдорун сунуштайт”


"Биримдик" партиясы парламентке шайланып калса, Мамлекеттик аппараттын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, калктын укуктук маданиятын калыптандырып, бюрократияны жоюу жана электрондук башкарууну киргизүү маселелерин биринчи орунга коет. Бул тууралуу депутаттыкка талапкер Аширбай Жусупов Лейлектиктер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. 


Анын айтымында, “Биримдик” партиясынын программасы популизмден алыс болуу менен бирге реалдуу максаттарды камтып, төмөнкү сунуштары менен айырмаланат:

• мамлекеттик башкаруунун сапатын системалуу түрдө жогорулатуу үчүн, ага жогорку статус жана ыйгарым укуктарды берүү үчүн бирдиктүү борбор түзүү;

• электрондук өкмөттү натыйжалуу оптималдаштыруу;

• башкаруунун бардык оптималдаштырылган моделин бирдиктүү электрондук башкаруу принциптерине которуу;

• бийликтин бардык бутактары үчүн “Коомчулуктун мамлекетке ишеним индексин” жогорулатуу;


Аширбай Жусупов партия өзгөчө негизги маселелердин катарына жумушчу орундарды түзүү, инфраструктураны жакшыртуу, таза суу көйгөйүн чечүү, ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү маселелерине дагы бир жолу токтолду.


Талапкер “Биримдик” партиясы тажрыйбалуу саясатчылар жана прогрессивдүү, билимдүү жаштардан түзүлгөнүн айтып, көйгөйлөрдү чечүүнүн эң туура жолдорун сунуштай алган компетенттүү адистер экендигин белгилеп, шайлоо күнү “Биримдик” партиясына добуш берүүгө чакырды.


***Оплачено из избирательного фонда политической партии «Демократическая партия «Биримдик» (Единство)» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Карагуловым Арсеном Дайырбековичем.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн