Бугу 03, 2024
Убакыт: 23:35
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

«БИРИМДИК» №1: Cоциалдык адилеттүүлүккѳ жетебиз

16.09.2020 18:10
1260
«БИРИМДИК» №1: Cоциалдык адилеттүүлүккѳ жетебиз


Бүгүн, шайлоо ѳнѳктүгүнүн алкагында «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын лидерлери менен талапкерлери катышкан үгүт кербени Өзгөн эли менен жолугушту.


Тарых барактарында бараандуу аты бар Өзгөн шаары “Биримдик” партиясынын талапкерлерине эшигин ачты. Жолугушууда, Өзгөн элинин атынан Жогорку Кеңешке аттанып жаткан Аида Касымалиева  киндик каны тамган кичи мекенинде эли-журтуна ыраазычылыгын билдирди.


“Өзгөн эли көп улуттуу эл. Өзгөн эли биримдиктин, ынтымактын маанисин абдан жакшы билет”, - деди ал.


А.Касымалиева партиянын курамы тууралуу айтып жатып аялзатынын  укугун, алардын коомдук, саясий турмушка аралашуусун жакшыртуу үчүн кѳп эмгек кылган, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, “Биримдик” партиясынын тизмесинде  алдыдагы шайлоого бараткан талапкер  Айнуру Алтыбаева мындай деп кошумчалай кетти.


“Эл үчүн эмгегин аябаган А.Алтыбаева эжебиздей талапкерлер биздин катарыбызда. Эжебиз иштеп чыгып, Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзамга ылайык учурда жергиликтүү кеңештердин депутаттык курамынын 30 пайызын аялдар түзмѳкчү”, - деди А.Касымалиева.


“Мындан тышкары, социалдык адилеттүүлүк, балдардын, аялдардын укугу, үй-бүлө баалуулугу сыяктуу талылуу көйгөлөр көп. Мамлекеттин экономикасы канчалык жакшырбасын, биз коомубузда социалдык адилеттүүлүк ѳкүм сүрмѳюн ийгиликке жетише албайбыз”, - деп кошумчалады Аида Касымалиева.


***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн