Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

«БИРИМДИК» №1: Икрам Абдиев: «Лейлектин эли «Биримдик» партиясын колдойт»

19.09.2020 10:29
1613
«БИРИМДИК» №1: Икрам Абдиев: «Лейлектин эли «Биримдик» партиясын колдойт»


«Биримдик»   партиясынын талапкерлери 18-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районунун шайлоочулары менен жолугушту.


Жолугушууда райондун кадырлуу аксакалы Икрам Абдиев сөз сүйлөп, «Биримдикке»  4-октябрдагы шайлоодо ийгилик каалады.


«Бул партия жөнүндө эки айдан бери угуп, билип, алардын программасы менен таанышып жатабыз, программаңар так, жеткиликтүү тил менен жазылыптар. Андан тышкары талапкерлер менен тааныштык, алардын арасында чыгаан жаштар, турмуштук тажрыйбасы бар мыкты жигиттер, ар улуттун өкүлдөрү бар экен. Ошондуктан биз бул партияны колдойбуз», - деди аксакал.


Икрам аксакалдын айтымында, ушул жылы Баткендин чыгаан инсаны улуу Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы болгону турат. «Улуу жердешибиз Кыргызстандын тарыхында мамлекетке көп жакшылыктарды алып келгени маалым. «Биримдиктин» талапкерлери дагы Раззаковдун жолун жолдоп, өлкөнүн өнүп-өсүүсүнө зор салымын кошот деп ишенем, анткени буларда жетишерлик деңгээлде билими, тажрыйбасы, буга чейин мамлекет үчүн жасаган иштери бар», - деди аксакал.


Сѳзүнүн аягында «Биримдикке»  – татыктуу талапкерлерге добушубузбу беребиз» , - деди И.Абдиев.


***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн