Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:18
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

БИРИМДИК №1. Марат Аманкулов, талапкер: “Бир гана билимдүү эл эркин боло алат”

30.09.2020 09:45
1277
БИРИМДИК №1. Марат Аманкулов, талапкер: “Бир гана билимдүү эл эркин боло алат”


“Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкулов билим берүү системасына байланышкан маселелерге жана билим берүү системасынын кызматкерлерине дайыма кѳңүл буруп келет. Ал Мугалимдер күнүнүн алдында сѳзсүз чечилүүгѳ тийиш болгон ѳтѳ актуалдуу маселелер боюнча ѳз пикирин билдирди. Бул маселелердин чечилиши бир гана мугалимдер үчүн керек эмес – бул маселелердин чечилишинен бүтүндѳй коомдун, Кыргызстандын элинин келечеги кѳз каранды. 


- Марат Аскерович, билим берүү тууралуу шайлоо алдындагы программаларында бардыгы эле айтышууда. “Биримдик” партиясы башкалардан айырмаланган эмнени сунуш кылып жатат?  


- Келиңиздер алдыдагы шайлоону азыраак унута туруп – мугалимдердин ѳздѳрү тууралуу сѳз кылалычы. Бул Мугалимдер күнүн алдында ѳтѳ актуалдуу. Мугалим – бул биздин балдардын тарбиячысы, билим берген насаатчысы, аларга үлгү кѳрсѳткѳн ыйык адам. Булар дайыма, айрыкча эл кыйналган оор күндѳрдѳ руханий күч берген, колдоп турган интеллигенциянын ѳкүлдѳрү. Ѳздѳрүнүн жашоо образы, дегеле мугалимдик кесиптери менен алар айлана-чѳйрѳгѳ педогогикалык таасирин тийгизип, үлгү, эталон катары кызмат кылып келишет.


Менин терең ишенимимде, мына ушул мугалимдер, бардык билим берүү системасы – коом, мамлекет таяна турган башкы күч. Билим берүүгѳ камкордук кѳрүү – мамлекеттин эң негизги милдети болуп саналат. Анткени, билимдүү коом гана ийгиликтүү, прогрессивдүү же түз айтканда билимдүү коом гана эркин боло алат. 


Биринчиси жана эң башкысы – бул мугалимдин статусун кѳтѳрүү. Мына Бишкектин ѳзүндѳ да мугалимдер жетишпей жаткандыгын айтсам, кандайдыр бир сырды ачкандык деле болбойт. Ал эми аймактарды айтпай эле коелу. Ошондуктан адегенде мугалимдерди мектепке кайтарып келишибиз, жаш кадрларды даярдашыбыз, тарбиялашыбыз керек. Бул үчүн мугалимдин, мугалимдик кесиптин статусун кѳтѳрүшүбүз зарыл. 


Биз мугалимдердин социалдык- турмуш-тиричилик,  материалдык кѳйгѳйлѳрүн чечели деп жатабыз. Мугалимди балдарды кантип багам, квартирага кантип тѳлѳйм деген сыяктуу кѳйгѳйлѳр тынчсыздандырбашы керек. 


- Ар бир шайлоодо бардык партиялар мугалимдин айлыгын кѳтѳрүү, алардын коомдогу орду тууралуу кѳп айтышат...

 -  Ѳкүнүчкѳ жараша ушундай. Мугалимдер деле мындай убадаларга ишенбей калышты. Ошондуктан биз бул маселени комплекстүү чечүүнү туура таптык. Билим берүү тармагынын бардык аспектилерин карап чыктык. Менимче, мугалимдин статусу жѳнүндѳ мыйзамдан баштоо керек го дейм. Анда мугалимдер үчүн жеңилдиктер, анын ичинде коммуналдык тейлѳѳлѳр үчүн акылар, бардыгы камтылышы керек. Айтмакчы, бардык эле мугалимдер мындай мыйзам бар экендиги тууралуу биле беришпейт. Мисалы, анда мугалимдер үй курам десе проценти жок ссуда ала алыша тургандыгы, жылына бир жолу медициналык кароодон ѳтүүгѳ, курорттордо эс алууга укуктары бар экендиги жазылганын биле беришпейт. Дагы кѳп нерселер жазылган. Мыйзам эң мыкты, бирок иштебейт. 


Биз бардык мыйзамдарды аткарбаган чиновниктердин жоопкерчилиги тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына жетишебиз. Анын ичинде мугалимдин статусу тууралуу мыйзамдын аткарылышына да жетишебиз.


Биз парламентке сунуш кыла турган дагы бир инструменттердин бири, бул тарифти ѳзгѳртүү. Кыскача айта турган болсок, мугалимдерге эки ставка алууга уруксат берүүнү сунуштайбыз. Аларга ушундай укук берүү керек. Экинчиден, биз жергиликтүү органдардан мугалимдерге жок дегенде айына 2 миң сомдон кошумча тѳлѳп берүүсүнѳ жетишебиз. Бул сан албетте, анчалык кѳп эмес, бирок мугалимдердин айлык фондусуна бир топ эле кошумча болот.


Дагы бир багыт – бул биздин 2020-2023-жылдарга карата калктын реалдуу кирешесин кѳтѳрүү боюнча комплекстүү стратегиялык Программабызда камтылган интрументтер. Бизде каражатты кайдан алуу керектиги боюнча так механизмдер, инструменттер бар. Сѳз кредиттер же бир насыя алуулар жѳнүндѳ болуп жаткан жок. 


- Бирок, макул болсоңуз, акча бул бардыгы эмес да?


     - Албетте. Биз жалпы ѳлкѳ боюнча, биринчи кезекте баштапкы билим берүүнүн бирдиктүү стандартын калыптандыра турган билим берүүнүн модернизацияланган системасына жетишебиз. Кыргызстандын ар бир жараны, балдар билим алууда бирдей шартка ээ болушу керек. Бул ѳтѳ маанилүү.


Анткени, билим алуу  – баарыдан мурда биздин аң сезимибизди калыптандырат. Билим берүүдѳн биздин келечегибиз, биздин коомубуздун келечеги кѳз каранды. 


Ушул ѳңүттѳн алганда, биз мугалимдерди, алардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча атайын программа даярдап жатабыз. Бул евразиялык интеграциянын алкагында тажрыйба алмашуу, педагогдорду окутуу боюнча мамлекеттик буйрутмалар, усулдук иштерди активдештирүү.  


- Эмне үчүн пандемия учурунда сиздердин активисттер биринчи кезекте мугалимдерге, дарыгерлерге жардам беришти?


 Медиктер жана мугалимдер – булар үлгү боло турган коомдун элитасы. Алардан үлгү алышыбыз керек жана аларга теңелишибиз керек. Бул адамдар коомдун модернисттик салтын сактоочулары жана улуттун нравалык деңгээлинин туу чокусу. Алардын бүгүнкүдѳй коргоосуз, аянычтуу абалда калышы биз үчүн уяттын уяты.  


Пандемия тууралуу кошумчалай кетейин. Ооба, бул оорунун кесепети ар бирибизге тийди, ѳлкѳбүз кыйын абалга кептелди. Бирок, ушундай кыйын күндѳрдѳ да ѳздѳрү жардамга муктаж болуп отурган мугалимдер окуучуларын, алардын ата-энелерин колдоп турушту. Дайыма ушундай болуп келген.  


Жоготууларга учурап жатышса дагы педагогдор коомдун руханий сүйѳнүчү болуп, ар бирибизге үмүт тартуулап, колдоп турушту. 


Дагы бир белгилей кетүүчү кѳрүнүш, пандемия мугалимдин ролу ѳтѳ маанилүү экенин кѳрсѳттү. Ата-энелер деле мени менен макул болушу керек. Анткени, ата-энелер мугалимдин ролун аткарып, ѳздѳрү үйдѳн сабак окууга жардамдашып, балдар менен кѳп убакыт ѳткѳрүүгѳ аргасыз болушту. Кѳпчүлүгү үчүн бул оңой болгон жок.


Ошону менен мугалимдерди баалабасак болбойт экен. Моюнга алып айтканда биз бардыгын мектептерге үйүп салдык. Ошого карабастан мектептерге, мектеп директорлоруна жыл ѳткѳн сайын талабыбыз ѳсүп баратат.


- Мисал келтире кетсеңиз? 


- Биз мугалимдер жамаатына – каражат табуу, окутуу, тарбиялоо процесстерин, бир сѳз менен бардыгын жүктѳп койдук. Мындай болбошу керек! Материалдык-техникалык база, каржылоо – мамлекеттин мойнунда калып, мугалимдер жамаатын мындай камкордуктардан бошотушубуз зарыл. 


Мугалимдер каражатты кайдан табууну ойлобой, сабак берүүнүн усулдарын кантип жакшыртууну, биздин балдарга терең билим берүүнү, алардын аң-сезимине муундардын тажрыйбасын, нравалык баалуулуктарды сиңирүүнү ойлошу керек. Күчтүү педагогдор окуткан, прогрессивдүү делген, алдыңкы мектептерге ар кандай сындардын айтылышы мен үчүн абдан эле оор. 


Биз айрыкча – советтик билим берүү мезгилинде такшалып, чоң тажрыйба алган мугалимдерге жана мектеп директорлоруна, ыраазычылык гана айтышыбыз керек, анткени, күнү бүгүн дүйнѳдѳ эң алдыңкы болуп эсептелген советтик билим берүү системасын ошолор сактап калышты. 


Муну дүйнѳлүк деңгээлде белгилешет. Бизде эң мыкты мугалимдер, алар тарбиялаган балдарыбыз бар. Мисалы, ѳткѳн жылы бир катар мектеп окуучуларыбыз эл аралык конкурстарда жана олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлешти. Эл аралык олимпиадада Бишкектин мектеп окуучулары командасы үчүнчү орунду ээлеп, бир күмүш, беш коло медалды утуп алышты. 


Бишкекте 38 борбордук мектеп 20 эл аралык долбоорлор менен иштешүүдѳ, анын ичинде Санкт-Петербург, Москва университеттери, Шанси провинциясындагы Сиань шаары, Москва Жогорку Экономикалык мектеби бар. Мындан тышкары биздин мугалимдер жана мектеп окуучулары бир катар эл аралык жана ѳлкѳлѳр аралык фонддор, борборлор долбоорлор менен кызматташып, ѳздѳрүнүн коммуникациялык мүмкүнчүлүктѳрүн кеңейтишүүдѳ.


Мунун баары биздин педагогикалык жамааттардын, ар кандай кыйынчылыктарга карабастан билим берүүгѳ, балдарды окутуп, тарбиялоого ѳздѳрүн бүтүндѳй арнап коюшкандыктарынын  натыйжасында болуп жатат. 


Мен Кыргызстандын ар бир жаранын мугалимдердин, педагогдордун биздин ата-мекенибизди деградациядан жана караңгылыктан сактоодогу, бүгүнкүбүздү жана келечегибизди камсыз кылуудагы ролу жѳнүндѳ ойлонууга, биздин интеллигенциябызды колдоого чакырып кетет элем.


***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн