Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга 13 үгүт тобун каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, референдумга "макул", "каршы" үгүт топторду каттоо үчүн 14 сунуштама түшкөн. Натыйжада 13 үгүт топторду каттоодон өткөрдү: "макул" - 10 үгүт тобу, "каршы" - 3 үгүт тобу.
Боршайкомдо референдумга "макул", "каршы" үгүт топторду каттоо үчүн түшкөн арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн