Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында бир мандаттуу округдарда 5%дан ашык добуш алган 166 талапкерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Бул туурадуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамдарга ылайык, шайлоочулардын 5%дан кем эмес добушун алган талапкерлерге, ошондой эле шайлоо жараксыз деп таанылган учурда күрөө кайтарылып берилет.
Быйылкы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышкан. Алар БШКнын депозиттик эсебине 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн салган, жалпы сумма 28 миллион 200 миң сомду түздү.
Шайлоонун жыйынтыгы боюнча 5%дан кем эмес добуш алган талапкерлердин саны 155ти түздү. Алардын ар бирине 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет.
Ошондой эле №27 Биринчи май округу жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча катышкан 11 талапкерге да күрөө кайтарылат. Бул округдарда «баарына каршы» добушу көбүрөөк болгон, ошондуктан бул округдар боюнча кайра шайлоо өткөрүлөт.
Жалпысынан талапкерлерге кайтарылып бериле турган күрөөнүн суммасы 16 миллион 600 миң сомду түзөт.
5%дан аз добуш алган бир мандаттуу талапкерлерге акча кайтарылып берилбейт. Ошондуктан калган 11 миллион 600 миң сом республикалык бюджетке чегерилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн