Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 20:19
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

БШК 4-октябрда шайлоого катышкан партиялардын күрөө суммасын азырынча кайтарып бербейт

23.01.2021 09:54
930
БШК 4-октябрда шайлоого катышкан партиялардын күрөө суммасын азырынча кайтарып бербейт

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан партиялардын күрөө каражаттарын кайтарып берүүгө даяр. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров 24.кг агенттигине билдирген.


Анын айтымында, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгына карабастан ал акчалар иштетилген эмес жана атайын эсепте сакталуу турат.


"Качан гана Жогорку Кеңеш эгер шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылса, партиялардын БШКга койгон күрөө суммасы партияларга кайтарылып бериш керек деген мыйзамды кабыл алып берсе сөзсүз кайтарабыз. Мен алардын абалын түшүнүп турам. Бирок жободо жок болгондуктан азыр кайтара албайбыз" ,- деди Шайназаров.


Эске салсак, БШКнын эсебинде шайлоого катышкан партиялардын 80 миллион сом күрөө суммасы бар.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн