Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

БШК: 4-октябрга салыштырмалуу шайлоочулардын саны 40 миң кишиге көбөйгөн

06.01.2021 16:19
639
БШК: 4-октябрга салыштырмалуу шайлоочулардын саны 40 миң кишиге көбөйгөн

Шайлоого катышуучулардын акыркы тизмеси 2-январь күнү БШКнын сайтына жарыяланды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.


БШКнын маалыматы боюнча, калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтарынын негизинде шайлоочулардын тизмесине 3 563 574 адам киргизилген.

Шайлоочулардын көпчүлүгү Ош облусунда - жалпы шайлоочулардын 20%. Андан кийин Жалал-Абад облусу, Чүй облусу, Бишкек шаары. Ош шаарынын жана Талас облусунун шайлоочулары жалпы шайлоочулардын 4%ын түзөт.


Мөөнөтүнөн мурда    шайлоо өткөрүү үчүн шайлоочулардын тизмеси жана 10-январдагы референдумдун катышуучуларынын тизмеси  бирдей. Бирок шайлоого жана референдумга катышкандардын санын эсептөө добуш берүү күнү өзүнчө жүргүзүлөт.

 

-2015-жылдан бери Кыргыз Республикасында шайлоочулардын саны 802 миң 277 адамга же 29,05% га көбөйгөн.

-Шайлоочулардын санынын өсүшү 2017-жылга салыштырмалуу 537 миң 804 адамды түздү, же + 18%.

-Шайлоочулардын санынын өсүшү 2020-жылдын 4-октябрына салыштырмалуу 40 миң 20 адамды түздү же + 1,14%.

 

Шайлоочулардын санынын көбөйүшү калктын табигый өсүшү жана шайлоочулардын тизмесин өркүндөтүү боюнча тынымсыз иш алып баргандыгы менен байланыштуу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн