Баш оона 25, 2025
Убакыт: 02:54
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

БШК 78 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

14.12.2020 11:49
664
БШК 78 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 12-декабрдагы жыйынында ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун 21 өкүлүн, Россия БШКсынан 1 өкүлдү, К. Аденауэр фондунан 1 өкүлдү президенттик шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.


12-декабрга карата БШК 19 өлкөдөн 9 эл аралык уюмдан 78 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.


Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын тизмеси:


- Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгү - 1 байкоочу;


- шайлоо системаларынын эл аралык фондунун өкүлчүлүгү - 1 байкоочу;


- Молдова БШК - 2 байкоочу;


- КМШ ПАА - 34 байкоочу;


- КМШ миссиясы - 4 байкоочу;


Азербайжан БШК - 1 байкоочу,


- ЕККУ ДИАУБ - 33 байкоочу;


- РФ БШК - 1 байкоочу;


- К. Аденауэр атындагы фонддон 1 байкоочу катталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн