Борбордук шайлоо комиссиясы Батыш автобекеттен Ысык-Көлгө шайлоочуларды акысыз ташыган маршруткаларды текшерет. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
9-январда атын атабаган адам Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна Бишкектеги батыш автобекеттен бир талапкерди шайлоо үчүн Ысык-Көлгө акысыз маршрутка каттап жатканын билдирген.
Бул боюнча иш Башкы прокуратурага жана ИИМге жөнөтүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн