Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

БШК Дастан Бекешевдун "парламенттик республикага" үгүттөөсүнө жол берген жок

18.12.2020 16:05
550
БШК Дастан Бекешевдун "парламенттик республикага" үгүттөөсүнө жол берген жок

БШК депутат Дастан Бекешевди парламенттик башкаруу формасы боюнча үгүт тобуна каттаган жок. Бул тууралуу парламентарий өзүнүн телеграм каналында билдирди.


Белгилей кетсек, Референдум өткөрүлгөнгө чейин жарандар топторду түзүп, добуш берүүгө сунушталган маселелердин бири боюнча үгүт иштерин жүргүзө алат.


Алар конституциялык мыйзамдан бир айла тапты жана мени каттоону каалашкан жок. Бирок биз дагы деле ушул топту түзөбүз жана ишти улантабыз” – деди Бекешев.


Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттерге Дастан Бекешев мамлекеттик кызматкер болгондуктан каттоодон баш тартылгандыгын билдирди.


Депутат референдумда үгүт иштерин жүргүзө албайт” – деп түшүндүрдү БШК.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн