Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

БШК Искендер Матраимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карайт

22.02.2024 16:28
317
БШК Искендер Матраимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карайт


Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынынын күн тартибинин долбоорунда айтылат.


Мындан тышкары Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктары боюнча маселе да каралат. Белгилей кетсек, ал 2009-2020-жылдары Бажы кызматында ар кандай кызматтарды аркалаган.


Эске сала кетсек, буга чейин УКМК Райымбек Матраимовго издөө салган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси "Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды мажбурлап кармоо жолу менен анын кыймыл эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү" боюнча шектелүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн