Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:39
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

БШК КМШ өлкөлөрүндө жашаган Кыргызстандын жарандары менен онлайн жолугушуу өткөрдү

14.08.2020 15:47
1024
БШК КМШ өлкөлөрүндө жашаган Кыргызстандын жарандары менен онлайн жолугушуу өткөрдү


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандан тышкары жашаган жарандар менен Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо маселелери боюнча үчүнчү онлайн жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Онлайн жолугушуулар ар шаршембиде Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө Тышкы иштер министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы жана Миграция боюнча эл аралык уюмдун биргелешкен аракети менен өтүп келет. Биринчи жолугушуу 29-июлда Түркиядагы кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен болуп өткөн. 5-августта Россияда жана Казакстанда жашаган Кыргызстандын жарандары менен онлайн жолугушуу болгон. 19-26-августта АКШда, Европа өлкөлөрүндө, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жашаган мекендештер менен онлайн жолугушуулар болмокчу.


12-августта өткөн жолугушууда чет өлкөлөрдө жашашкан кыргызстандыктар шайлоо процессин уюштуруу маселелери, шайлоочулардын тизмесине кошуу мүмкүнчүлүктөрү, консулдук каттоого туруу, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу жана башка маселелерге кызыгууларын билдиришти.


Кыргызстандын жарандары үчүн төмөнкү маанилүү жагдайлар белгиленди:


  • «Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участоктору Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн территорияларында ачылышы мүмкүн. 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участокторунун жалпы саны 44 (кырк төрт). Биринчи жолу Иркутск, Сургут, Түндүк-Сахалинск жана Якутск шаарларында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин канцеляриясы негизделгендиктен бул шаарларда шайлоо участоктору ачылды. Ошондой эле биринчи жолу шайлоо участоктору Париж, Рим шаарларында түзүлдү.


  • Кыргызстандын жарандык жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Кыргызстандын жарандыгынан кабыл алынган тартип боюнча чыгууну аткарбаган жаран да Кыргыз Республикасы үчүн Кыргызстандын жараны болуп кала берет жана шайлоо укугуна ээ болот.


  • «Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзам боюнча, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана Кыргызстандын жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде консулдук каттоодо турган жарандар, тиешелүү участоктордогу шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.


  • Консулдук каттоого туруу үчүн чет өлкөдөгү мекемеге жеке өзү келип документтер пакетин тапшыруусу, же болбосо Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук дарегине сканерленген документтерди салуу же ТИМдин https://mfa.gov.kg порталындагы «Консулдук каттоо» электрондук маалыматтык системасы аркылуу жөнөтүү зарыл.


  • Жарандардын шайлоочулардын тизмесине кошулушу боюнча маалыматты мамлекеттик «Тизме» http://www.tizme.gov.kg порталынан тактап билүүгө же шайлоолордун убагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин территорияларындагы шайлоо участокторунан билүүгө болот. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн