КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 15-сентябрындагы жыйынында КР БШКнын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө" 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
токтомдун тиркемесине карата:
- 2-пункттун бешинчиден он үчүнчүгө чейинки абзацтарды төмөнкүдөй редакцияда берүү:
№4 Көк-Жар шайлоо округу
№5 Ноокат шайлоо округу
№6 Араван шайлоо округу
№7 Ош шайлоо округу
№8 Төлөйкөн шайлоо округу
№9 Кара-Суу шайлоо округу
№10 Куршаб шайлоо округу
№11 Алай шайлоо округу
№12 Өзгөн шайлоо округу»;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо №4дөн №12ге чейинки бир мандаттуу шайлоо округдарын төмөнкүдөй редакцияда берүү:
«№4 Көк-Жар шайлоо округу
Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 80426
Чек аралары: Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы толугу менен; Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак, Т. Кулатов, Он-Эки-Бел, Найман, Көк-Жар, Бел, Жаңы-Ноокат айыл аймактары, Гулистан айыл аймагындагы № 5402, № 5403 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет.
№5 Ноокат шайлоо округу
Борбору: Ноокат району, Ноокат шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 82006
Чек аралары: Ноокат районунун Гулистан айыл аймагындагы № 5400, № 5401, № 5525, № 5593 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу, Ноокат шаары, Мирмахмудов, Кара-Таш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Н. Исанов, Көк-Бел айыл аймактары толугу менен кирет.
№6 Араван шайлоо округу
Борбору: Араван району, Араван айылы, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 91029
Чек аралары: Араван районунун Алля Анаров, Керме-Тоо, Мангыт, Нурабад, С.Юсупов, Тепе-Коргон, Чек-Абад айыл аймактары толугу менен; Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы толугу менен кирет.
№7 Ош шайлоо округу
Борбору: Ош шаары, мэриянын имараты
Шайлоочулардын саны: 110685
Чек аралары: Ош шаарынын Ош-МТУ-Жапалак, Ош-МТУ-1, Ош-МТУ-2, Ош-МТУ-3, Ош-МТУ-5 толугу менен кирет.
№8 Төлөйкөн шайлоо округу
Борбору: Кара-Суу шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 118551
Чек аралары: Кара-Суу районунун Мады, Шарк, Төлөйкөн, Папан айыл аймактары толугу менен; Ош шаарынын Ош-МТУ-4, Ош-МТУ-6 толугу менен кирет.
№9 Кара-Суу шайлоо округу
Борбору: Кара-Суу шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 100604
Чек аралары: Кара-Суу районунун Сарай, Кара-Суу шаары, Ак-Таш, Жоош, Нариман, Кашкар-Кыштак айыл аймактары толугу менен кирет.
№10 Куршаб шайлоо округу
Борбору: Өзгөн району, Өзгөн шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Шайлоочулардын саны: 112847
Чек аралары: Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы № 5058, № 5059, №5060, № 5062, № 5063, № 5473, № 5498, № 5578, № 5579 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен, Кароол, Куршаб, Кара-Таш, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл аймактары толугу менен кирет; Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Сары-Колот, Савай айыл аймактары толугу менен; Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагы толугу менен кирет.
№11 Алай шайлоо округу
Борбору: Алай району, Гүлчө айылы, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 115944
Чек аралары: Алай районунун Будалык, Бүлөлү, Гүлчө, Жошолу, К.Белекбаев ат. Алай, Кабылаң-Көл, Коңур-Дөбө, Корул, Ленин, Сары-Могол, Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Төбө айыл аймактары толугу менен; Чоң-Алай районунун Жекенди, Кашка-Суу, Чоң-Алай айыл аймактары толугу менен; Кара-Кулжа районунун Алайку, Капчыгай, Кара-Гүз, Кеңеш, Кызыл-Жар, Ой-Тал, Сары-Булак, Чалма, Ылай-Талаа, Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа айыл аймактары толугу менен кирет.
№12 Өзгөн шайлоо округу
Борбору: Өзгөн району, Өзгөн шаары, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты
Шайлоочулардын саны: 90047
Чек аралары: Өзгөн районунун Ак-Жар, Алтын-Булак, Жазы, Зергер, Колдук, Кызыл-Тоо, Мырза-Аке, Салам-Алик, Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жылалды, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Чаңгет айыл аймактары толугу менен кирет, Өзгөн шаарындагы №5499, № 5064, № 5065, № 5061, № 5066 шайлоо участкаларынын чек аралары толугу менен кирет»;
«№31 Кемин округдук шайлоо комиссиясынын курамы» деген сөздөр
«№31 Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссиясынын курамы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү маселелери боюнча Жумушчу топтун 2021-жылдын 14-сентябрындагы №2 чечимин эске алып кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн