Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына документтерин кайтарып берди. Мындай чечим БШКнын 25-августта өткөн отурумунда кабыл алынды.
Парламенттик шайлоого катышып жаткан бардык партиялар 24-август күнү саат 18.00гө чейин шайлоо күрөөсүн төлөп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүшү керек болчу.
БШКнын өкүлү документти партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келиши керектигин, башка адам алып келген деген жүйөө келтиришти.
Добуш берүүдө 9 адамдан турган БШКнын 8 мүчөсү документ кайтарылсын деп добушун берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн