Бугу 03, 2024
Убакыт: 19:44
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

БШК Кубанычбек Самаковду Ленин районунан ЖК депутаты катары каттады

24.09.2023 17:05
203
БШК Кубанычбек Самаковду Ленин районунан ЖК депутаты катары каттады


Бүгүн, 24-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кубанычбек Самаковду Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады.


20-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы 10-сентябрда өткөн Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.


Ленин районунда 51 шайлоо участогу уюштурулган. Шайлоого жалпысынан 24 талапкер катышты.


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Ленин районундагы кайталап шайлоонун жыйынтыгын өттү деп табышты. Эң көп добуш алган Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ага 5279 шайлоочу добуш берди (шайлоочулардын 26,17%).

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн