Тогуздун айы 24, 2025
Убакыт: 13:49
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.065
1.105

БШК Курманбек Жоошбаевди талапкер катары каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды

БШК Курманбек Жоошбаевди талапкер катары каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №3 шайлоо округунан өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Жоошбаев Курманбек Абдиназаровичти каттоодон баш тартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Курманбек Жоошбаев шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 4-октябрда тапшырып, шайлоого талапкер катары каттоо үчүн документтердин толук топтомун 16-октябрда берген.


Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Жоошбаевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктаган жана аны талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуштаган.


Анткени Чек ара кызматынын тиешелүү маалымкатында Курманбек Жоошбаев республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербей тургандыгы белгиленген.


Жоошбаев 2022-жылдын 28-февралынан тартып, 2022-жылдын 27-октябрына чейин Кыргызстандын аймагында болгон эмес. Жумушчу топтун отурумуна ал онлайн катышып, жогорудагы маалыматты тастыктаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн