Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

БШК Москва шаарында үчүнчү шайлоо участогун түздү

21.09.2020 14:08
1006
БШК Москва шаарында үчүнчү шайлоо участогун түздү


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 4-октябрда дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Москва шаарында үчүнчү шайлоо участкасын түздү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жаңы № 9052 шайлоо участогу Москва шаарынын Большая Ордынка көчөсү 64 дарегиндеги Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинин аймагында жайгашкан.


Борбордук шайлоо комиссиясы ошондой эле Жогорку Кеңешке шайлоону даярдоо жана уюштуруу боюнча Москвадагы туруктуу өкүлүнүн ишин уюштурган.


Ушул этапта анын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 42 шайлоо участкаларын бекитти.


Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин 4 (төрт) кеңсеси - Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск жана Якутск шаарларында ачылат жана ал жактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо участкалары иштейт. 


Чет өлкөлөрдө дагы эки шайлоо участкаларын ачуу - Рим жана Париж шаарларында - ал жакта жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны көп болгондуктан, аккредитациядан өткөн өлкөлөр менен макулдашылып жатат.


Мыйзамга ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтарда каттоодо турган жарандар автоматтык түрдө тиешелүү шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилет.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн