Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-сентябрдагы отурумунда Ош облусунун Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөртүүлөргө ылайык, Маматалиев Нурбакыт Мухтаровичти ("Кыргызстан" саясий партиясынан) комиссиянын курамынан чыгарылып, Сатыбалдиева Аида Амангелдиевна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан комиссиянын курамына резервден киргизилди.
Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Н.М.Маматалиевдин арызынын негизинде кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн