Борбордук шайлоо комиссиясы 11-апрелде Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү отурумунда белгилүү болду.
Маалыматка караганда, БШКнын жумушчу тобу бүгүн Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын көптөгөн арыздар түшкөндүгүнө байланыштуу жараксыз деп табууну сунуштаган.
БШК президент Садыр Жапаровго Ош шаардык кеңешине кайрадан шайлоо өткөрүүнү сунуштады жана административдик ресурс колдонгон талапкерлерди кайра каттабоону суранган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн